
Улуу Британияда тарыхтагы эң кымбат үй соодаланганы тууралуу Bloomberg жазды. Анда миллиардер Ник Кэнди Лондондогу абройлуу Челси районунда жайгашкан үй-бүлөлүк сарайын аты аталбаган кардарга 270 миллион фунт стерлингге (350 миллион доллар) соодалаганы айтылат.
Турак жай болжол менен бир гектарга жакын аянтты ээлейт. Маалыматка караганда, буга чейин бул жерде Британиянын биринчи премьер-министри Роберт Уолпол жашаган резиденция болгон. Аймакта ошондой эле көлмө жана бассейн бар.