
Ысык-Көл облусунун Түп районунда жалпы баасы 70 миллион 300 миң сомду түзгөн кыймылсыз мүлктөр мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Түп мамлекеттик атайын чарбасына тиешелүү пансионаттын ашкана комплекси жана 3 гектар жер тилкеси 1998-жылы мыйзамсыз түрдө жеке жактарга өтүп кеткен. Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган объекттер кайра мамлекетке өткөрүлдү.


