
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбековдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Чечим бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында анын жеке арызынын негизинде кабыл алынды.
Буга чейин Асанбеков Орто-Сайдагы көрүстөндүн жанында мыйзамсыз курулуштар жүрүп жатканын сындап чыккан. Ал 2024-жылы “Эмгек” партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган.


