
2026-жылы өлкөдө стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги бир катар автожолдорду куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик капиталдык салымдар аркылуу 700 чакырым, ал эми титулдук тизме боюнча 457 чакырым жолду жаңылоо пландалууда.
Бюджеттин эсебинен Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол, Нарын – Баетов, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жана Сафаровка – Барпы жолдорунда, ошондой эле Түндүк – Түштүк альтернативдик жолундагы кошумча объекттерде иштер улантылат. Мындан тышкары Барскоон – Бедел, Бишкектин түндүк айланма жолу жана бир катар ички жолдор оңдолот.
Инвестициялык долбоорлордун алкагында «Суусамыр – Талас – Тараз», Корумду – Балбай Баатыр жана Барскоон – Каракол багытындагы жолдор реконструкцияланат.
Ошондой эле бир катар жаңы долбоорлор ишке ашырылып, анын ичинде Чолпон-Атаны айланып өтүүчү жол, Жаңы Ош базарына барчу жол, Ак-Суу районундагы Жыргалаң багытындагы жолдор жана башка участоктор курулат.
Министрлик белгилегендей, жол куруу планына кошумча өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.


