
Бишкек шаарында адамды мыйзамсыз эркиндигинен ажыратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 30-мартта Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Буга чейин социалдык тармактарда бутуна чынжыр салынган адамдын видеосу тараган. Ал видеонун автору бул аракетти анын жубайы жасаганын билдирген.
Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси («мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу») менен иш козголгон.
Учурда милиция тарабынан шектүү кармалып, тергөө иштери уланууда.