
Иранда аскердик кызмат өтөө тартибине өзгөртүүлөр киргизилип, коомчулукта кызуу талкуу жаралды. Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, жаңы эрежелерге ылайык аскерге чакыруунун минималдуу жаш курагы төмөндөтүлгөнү айтылууда.
Маалыматтарга караганда, өспүрүмдөр ар кандай жардамчы кызматтарга — кайгуул, күзөт, логистика жана жарадарларга жардам көрсөтүү иштерине тартылышы мүмкүн. Бул демилге “Ирандыктар үчүн” аттуу программа аркылуу ишке ашырылары белгиленген.
Ошол эле учурда эл аралык байкоочулар мындай чечим балдарды аскердик аракеттерге тартпоого байланышкан милдеттенмелерге каршы келиши мүмкүн экенин белгилешүүдө.
Белгилей кетсек, акыркы айларда аймакта чыңалуу күчөп, Иран менен АКШ жана Израилдин ортосундагы кармашуулар курчуп кеткен. Тараптардын өз ара соккуларынан бир катар шаарлар жабыркап, көптөгөн имараттар талкаланып, адам жоготуулар катталган.