
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, шектүү былтыр жабырлануучудан бөлүп төлөө шартында BMW 540I үлгүсүндөгү унааны алган. Автоунаанын жалпы баасы 40 миң долларды түзүп, алгач 5 миң доллар төлөгөн. Бирок кийин унааны үчүнчү жактарга сатып жиберип, калган 35 миң долларды төлөбөй кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголуп, 32 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.