
Бишкек шаарында 1-апрелден тарта «Дордой» базарына жакын жайгашкан Кожевенная көчөсүндө капиталдык оңдоо жана кеңейтүү иштери башталат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.


Маалыматка ылайык, иштер көчөнүн Айыл көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгүн камтыйт. Маселе вице-мэр Рамиз Алиевдин жетекчилиги алдында өткөн көчмө жыйында каралып, жолдун абалы, автоунаалардын көптүгү жана инфраструктураны жакшыртуу зарылдыгы талкууланган.
Жыйынтыгында аталган тилкени толук жаңыртуу жана кеңейтүү чечими кабыл алынган. Оңдоо иштери эки этап менен жүргүзүлүп, айрым учурда жол убактылуу жабылат.
Экинчи этапта Ибраимов көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейинки бөлүк оңдолот. Ал эми биринчи этаптын качан аяктары азырынча так айтылган жок.