
Бишкек шаарында синтетикалык баңгизаттарды таратып жүргөн кыз-жигит кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр буга чейин катып кеткен 14 жайды көрсөтүп беришкен. Ал жерлерден баңгизаттар табылып, алынган.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголду.
Шектүү катары 33 жаштагы Р.А. аттуу жигит жана 22 жаштагы А.С. аттуу кыз кармалган.
Алынган синтетикалык баңгизаттар боюнча соттук-химиялык экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда.