
.
Бишкектин айланма жолунун жээгинен 2006-жылы туулган кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу 5-февралда шаардык милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 102 кызматына кечээ, 4-февралда саат 23:04 чамасында маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Биринчи май районунун ыкчам тергөө тобу барып, зомбулуктун белгилери бар аялдын денесин табышкан.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен каттоого алынды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2004-жылы туулган Н.А. шектүү катары аныкталды. Милиция анын үйүнө барганда, ал өзүнө-өзү кол салууга аракет кылып, бычак менен жаракат алган. Аны өз убагында медициналык кызматкерлер биринчи жардам көрсөтүп, андан соң “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришти.
Азыр шектүү ооруканада конвой менен кармалууда. Соттук экспертизалар дайындалып, сотко чейинки тергөө иштери уланууда.