
.
Министрлер кабинетинин чечими менен транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн төлөм убактылуу арзандатылды.
Токтомго ылайык төлөмдөр төмөндөгүчө аныкталды:
жеке жактар үчүн — 35 000 сом;
юридикалык жактар үчүн — 55 000 сом;
резидент эмес жарандар үчүн — 75 000 сом.
Бул чечим автотранспорт ээлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынып, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тарабынан кол коюлганы маалыматта кошумчаланды.