
.
Манас шаарында жол тескөөчүлөрү кыздын башына шейшеп жаап, алып качып бара жаткан төрт жигитти кармашты.
Маалым болгондой, окуя кечээ, 28-январь саат 21:00 чамасында болгон. Пушкин көчөсүндө курбусу менен бара жаткан 2003-жылы туулган кызды төрт бейтааныш жигит күч колдонуп, башын шейшеп менен жаап, Хундай Соната үлгүсүндөгү унаа менен алып качышкан.
ЖКККБнын кызматкерлери Кызыл-Сеңир айылынан унааны токтотуп, шектүүлөрдү тергөө кызматына жеткиришти. Кыз милицияга арыз жазып, Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (никеге максатында ала качуу) менен кылмыш иши козголду.
Шектүү катары 1994-жылы туулган үч, 1993-жылы туулган бир жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.







