
.
Чүйдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-январда милицияга ЗСАО "Ингосстрах" компаниясынын башкармалыгынын өкүлү кайрылып, "Д.А.Р." жеке ишкерлигинин кызматкерлерине карата чара көрүүнү суранган.
Анын айтымында, 2025-жылдын апрель айынан декабрь айына чейинки аралыкта аталган жеке ишкерликтин айрым кызматкерлери ОСАГО камсыздандыруу полистерин сатуу учурунда ишенип берилген акча каражаттарын ыйгарып алып, коротуп жиберишкен. Жалпы сумма 7 миллион 85 миң 708 сомду түзгөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу) менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө ишинин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 40 жаштагы чет мамлекеттин жараны аныкталган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кылмыш иши боюнча болгон окуянын бардык жагдайларын, ошондой эле мүмкүн болгон шериктештерин аныктоого багытталган тергөө иштери уланууда.







