
.
Бишкек - Кербен - Бишкек багыты боюнча аба каттамынын саны көбөйтүлдү. Бул боюнча Кербен шаардык мэриясы маалымдайт. Мурда жумасына 1 каттам аткарылса, 7-январдан бери жумасына 2 каттам (шаршемби жана жума күндөрү) аткарылууда. Билет баасы 3600 сомдон башталат. "Асман эйрлайнс" авиакомпаниясынан сатып алууга болот.



