
.
АКШнын көпчүлүк штаттарын каптаган кар бороонунан каза болгондордун саны 73кө жетти. Бул тууралуу жергиликтүү CBS басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, 49 адам аба ырайынын катаалдыгынан каза болсо, калган 24 жаран бороон учурундагы кырсыктан же кар тазалоо учурунда каза болушкан. АКШ аймагындагы Канзас, Луизиана, Массачусетс, Миссисипи, Пенсильвания, Теннесси жана Техас штаттарында 24-25-январь күндөрүнөн тартып катаал аба ырайы өкүм сүрүүдө.
Катаал аба ырайы он миңдеген авиакаттамдардын токтотулушуна, жүз миңдеген жарандардын жарыксыз калышына себеп болду. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, жааган кардын бийиктиги 50 сантиметрге жеткени айтылды.
Белгилей кетсек, буга чейин каза болгондордун саны 40ка жеткени кабарланган болчу.