
.
Ушул жылдын 27-январынан 29-январына чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек—Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол—Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Ошондой эле жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
