
.
Бүгүн, 27-январда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан түзүлгөн комиссиялык топ Ош шаарындагы “Элит-Строй-Сити” ЖЧКсына тиешелүү курулуш объектилерин текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган компания тарабынан курулуп жаткан “Манас” жана “Раян” турак жай комплекстериндеги иштер каралды. Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Эрназарбек Суеркулов жетектеген комиссиялык топ тарабынан курулуш иштеринин учурдагы абалы, сапаты, долбоордук-сметалык документтерге шайкештиги, курулуш аянттарындагы жумушчулардын саны, уруксат берүүчү документтер, компаниянын уставдык капиталынын талаптарга шайкештиги жана үлүш ээлеринин кайрылууларында көрсөтүлгөн маселелер изилденди.
Комиссиялык топтун маалыматына ылайык, учурда курулуш иштери улантылып жатат. “Элит-Строй-Сити” ЖЧКсынын өкүлдөрү тарабынан объектилерди 2026-жылдын сентябрь айына чейин толук бүтүрүп берүү боюнча милдеттенме алынды.
Министрдин тапшырмасына ылайык, аталган обьектилердеги курулуш иштери толук министрликтин көзөмөлүндө болот.

