
.
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тутумунда
коррупциялык мүнөздөгү кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт
коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө, КР
УКМК тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынын
аймактык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны О.Г.О.
тарабынан 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы
аныкталды.
Такталгандай, кармалган О.Г.О. кызмат абалынан кыянаттык менен
пайдаланып, материалдык пайда алуу максатында, 2024-жылы декабрда
алдамчылык үчүн катталган факты боюнча тергөөгө чейинки өндүрүштө
текшерүү иштерин токтотом деп аталган тергөөчү К.у.О. аттуу жарандан 3
000 АКШ доллар акча каражатын талап кылган.
Белгилей кетсек, О.Г.О. жана К.у.О. экөөнүн ортосунда Ош облусунун
Араван райондук ИИБнын тергөөчүсү милициянын капитаны С.Н.С.
ортомчулук кылган.
КР ИИМнин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн
ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 1 600 АКШ доллар акча
каражатын алып жаткан жеринен О.Г.О. и С.Н.С. кармалып, КР Кылмыш-
процессуалдык кодексинин 96-беренесине жана 97-беренесине ылайык, КР
УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.







