
.
Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, кыздын өлүмү боюнча шектүү кармалды.
26-январда саат 09:01 чамасында «102» кызматына Кулиев көчөсүндөгү мейманканада кыз каза болгондугу тууралуу билдирүү келген. Окуя болгон жерге Ленин райондук ИИБдин тергөө-оперативдик тобу барган. Алардын текшерүүсүндө, мейманкананын номерин кыз-жигит ээлеген. Ал күнү алар мас абалында тамак ичип, чыр чыкканы белгилүү болду: кыз жигитин колун бычактап, жигит жооп иретинде кыздын мойнуна бычак сайган.
Бул факт Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча катталган.
Милиция кызматкерлери шектүү катары 2002-жылы туулган Д.М. аттуу жаранды кармашты. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.







