
.
КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында мыйзамсыз негизде жеке жана муниципалдык менчикте турган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын (КР УИА) объектилерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы боюнча КР КЖК 336-беренесинин 1-бөлүгү «Коррупция» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бишкек шаарынын Дорожная көчөсүндө жайгашкан 11,2 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аныкталган маалыматтар боюнча, 1997-жылы Бишкек шаардык мэриясынын №107 токтому менен Кара-Жыгач токоюнун түндүк бөлүгүнөн КР Улуттук Илимдер академиясынын алдындагы Токой чарбасы жана жаңгак өстүрүү институтуна илимий-изилдөө иштерин уюштуруу үчүн 11,2 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Аталган институттун балансына өткөрүлүп берилген учурдан тартып, ар кандай себептерден улам, бул жер тилкеси мамлекеттик каттоо органдарында катталбаган. Бул көрүнүш, кызмат адамдарына жер тилкесин бир канча бөлүктөргө бөлүп сатууга мүмкүндүк берген.
Мамлекеттик каттоо органдарында каттоонун тиешелүү жол-жоболору жүргүзүлгөндөн кийин, аталган жер тилкеси баштапкы белгиленген максаттуу багыттар боюнча пайдалануу үчүн мамлекеттин балансына кайтарылды.
Учурда кылмыш ишинин алкагында мурда мыйзамсыз менчиктештирилген КР Улуттук Илимдер академиясынын мүлкүн мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.







