
📢 АНОНС | Эл аралык илимий-практикалык конференция«Кыргызстандын ЕАЭБдеги 10 жылы: жыйынтыктар, чакырыктар жана келечек» 📅 13-август, 2025-жыл🕒 15:00 – 17:00📍 “Baytur Resort & SPA”, Бостери айылы, Кыргыз Республикасы(VII Кыргыз-Орус экономикалык форумунун алкагында) ⸻ 2025-жылы Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулганына он жыл толгонуна байланыштуу, бул дата өлкө үчүн тарыхый белги гана болбостон, регионалдык интеграциянын терең анализин […]
📢 АНОНС | Эл аралык илимий-практикалык конференция«Кыргызстандын ЕАЭБдеги 10 жылы: жыйынтыктар, чакырыктар жана келечек»

📅 13-август, 2025-жыл🕒 15:00 – 17:00📍 “Baytur Resort & SPA”, Бостери айылы, Кыргыз Республикасы(VII Кыргыз-Орус экономикалык форумунун алкагында)

⸻

2025-жылы Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулганына он жыл толгонуна байланыштуу, бул дата өлкө үчүн тарыхый белги гана болбостон, регионалдык интеграциянын терең анализин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жаратат.
Эл аралык илимий-практикалык конференция Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушунун биринчи он жылдыгына арналган негизги эксперттик аянтчалардын бири болуп саналат. Иш-чаранын жүрүшүндө өлкөнүн союз ичиндеги экономикалык, социалдык жана институционалдык динамикасы талданып, алдыдагы баскычтардагы артыкчылыктар жана стратегиялык багыттар белгиленет.
СПИКЕРЛЕР:• Данияр Амангельдиев – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, экономика илимдеринин кандидаты• Темир Сариев – Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти, экс-премьер-министр• Артём Новиков – Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы, экономика илимдеринин кандидаты• Сергей Глазьев – Беларус менен Россиянын Союздук мамлекетинин мамлекеттик катчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор• Фёдор Войтоловский – Россия Илимдер академиясынын ИМЭМО институтунун директору, профессор• Мурат Каримсаков – Казакстандын «Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасынын Президиумунун катчылыгынын жетекчиси• Денис Муха – Беларус Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун директору• жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы экономисттери, саясатчылар жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү
Screenshot
Конференциянын алкагында:🔹 Кыргызстандын ЕАЭБге кошулган 10 жылдык тажрыйбасына илимий жана практикалык баа берилет🔹 Регионалдык интеграциядагы жетишкендиктер, кыйынчылыктар жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр каралат🔹 Евразиялык мейкиндикте өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган сунуштар иштелип чыгат
Бул конференция — илимий түшүнүктөр менен практикалык чечимдер бириктирилген ачык диалог аянтчасы болуп, ЕАЭБдин келечектеги өнүгүүсүнө салым кошо турган маанилүү эксперттик иш-чара катары бааланат
Screenshot



