
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин №4 жатаканасынын ордуна 16 кабат окуу комплекси курулат. Бул тууралуу окуу жайдын сайтында маалымдалды. Аталган имарат 1963-жылы курулуп, 2012-жылдан бери авариялык абалда. Жаңы курула турган комплекс 16 миң чарчы метр жерге түшөт. Долбоорго ылайык, имаратта мугалимдер менен студенттердин жатканасы, музей, 200 орундуу китепкана, 600 орундуу амфитеатр жана жыйын залы, […]
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин №4 жатаканасынын ордуна 16 кабат окуу комплекси курулат. Бул тууралуу окуу жайдын сайтында маалымдалды.

Аталган имарат 1963-жылы курулуп, 2012-жылдан бери авариялык абалда.

Жаңы курула турган комплекс 16 миң чарчы метр жерге түшөт.
Долбоорго ылайык, имаратта мугалимдер менен студенттердин жатканасы, музей, 200 орундуу китепкана, 600 орундуу амфитеатр жана жыйын залы, 60 орундуу галерея тибиндеги оранжерея, бала бакча жана башка жайлар жайгаштырылары белгиленди.
Курулушка 1 миллиард 379 миллион сом коротулуп, 1,5-2 жылда бүткөрүү пландалууда.
Ал эми КУУнунун чарбалык иштери боюнча проректору Бактыбек Айтахуновдун айтымында, курулуштун жалпы наркы 1 миллиард 379 миллион 820 миң сомду түзөт. Анын ичинен 500 миллион сом университеттин өз каражаты болсо, калган сумма Өнүктүрүү фондунан алынат. Курулуштун мөөнөтү 1,5-2 жыл экени кошумчаланды.



