
Ош облусунун Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгон.Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2025-жылдын 12-февралында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Манас айыл аймагындагы Каратай айылында жайгашкан орто мектептин алдында 9-класстын окуучусу жыгылып түшүп, каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Өлүмдүн себебин аныктоо […]
Ош облусунун Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгон.Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын 12-февралында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Манас айыл аймагындагы Каратай айылында жайгашкан орто мектептин алдында 9-класстын окуучусу жыгылып түшүп, каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Териштирүү учурунда күбөлөрдүн маалыматына ылайык, №39 орто мектептин окуучулары өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, анын кесепетинен 9-класстын окуучусу ур-токмокко кабылып, эсин жоготуп, кулап калгандыгы маалым болгон.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Тергөөөнүн алгачкы маалыматына караганда, маркум бала аталган мектептин 2007-жылы туулган окуучусу тарабынан ур-токмокко алынганы аныкталды. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2007-жылы туулган Р.Н. аттуу өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.



