
Бишкектик таэквондочулар Казакстандын Алматы шаарында өткөн «Dream Cup Open 2023» эл аралык турниринде 20 медалга ээ болушту. Муниципалитеттен билдиришкендей, 15-17-декабрь күндөрү өткөн олимпиадалык WT таэквондо боюнча мелдешке Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары катышып, 5 алтын, 4 күмүш жана 11 коло медаль жеңди. Турнирге Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 1200гө жакын спортчу катышты.
Бишкектик таэквондочулар Казакстандын Алматы шаарында өткөн «Dream Cup Open 2023» эл аралык турниринде 20 медалга ээ болушту.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 15-17-декабрь күндөрү өткөн олимпиадалык WT таэквондо боюнча мелдешке Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары катышып, 5 алтын, 4 күмүш жана 11 коло медаль жеңди.Турнирге Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 1200гө жакын спортчу катышты.



