
Аламүдүн районунун Ленин айылдык округунун аймагында жайгашкан “Достук”, “Бөбөкжай” бала бакчаларында (мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдары болуп саналат) мыйзам бузуулар аныкталды. ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүү учурунда “Достук” бала бакчасынын жетекчиси маселени оң жагынан чечүү жана текшерүүнү токтотуу үчүн ИИМдин кызматкерине ири суммадагы акча каражатын сунуш кыла баштаган. 2023-жылдын 29-ноябрь күнү ИИМдин КИББдин […]
Аламүдүн районунун Ленин айылдык округунун аймагында жайгашкан “Достук”, “Бөбөкжай” бала бакчаларында (мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдары болуп саналат) мыйзам бузуулар аныкталды. ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүү учурунда “Достук” бала бакчасынын жетекчиси маселени оң жагынан чечүү жана текшерүүнү токтотуу үчүн ИИМдин кызматкерине ири суммадагы акча каражатын сунуш кыла баштаган. 2023-жылдын 29-ноябрь күнү ИИМдин КИББдин имаратында 4-башкармалыктын ыкчам кызматкерине 120 000 сом өлчөмүндө пара берүү учурунда жогорудагы бала бакчанын жетекчиси А.О. кармалган.Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан тергелип жатат. Кызмат адамына пара берүүгө шектүү жаран кармалды.Мындай фактылар болгон учурда жарандар ИИМдин КИББдин 4-башкармалыгына кайрылуулары зарыл. Коррупциялык көрүнүштөрдүн ар кандай формалары менен күрөшүүдө көп нерсе коомчулуктун активдүү катышуусунан, жарандардын ар кандай коррупциялык кыянатчылыктарга активдүү каршы туруусунан көз каранды. Ошондой эле, ички иштер органдарынын кызматкерлерине кылмыштын бул түрүн аныктоого жана бөгөт коюуга көмөк көрсөтүүгө даяр болушу керек.



