
“Айкөл Таза Коом”, “Апрель Элдик Революциясынын Баатырлары” коомдук бирикмесинин өкүлү Усупбий Шеримбаев уюм мүчөлөрүнүн атынан өлкөдөгү саясий кырдаалга токтолуп, Кыргызстандын азыркы президенти Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүнө баа берди.“Мен биздин “Апрель элдик революциясынын баатырлары”, “Айкөл таза коом” коомдук уюмунун мүчөлөрүнүн атынан өлкөбүздөгү акыркы окуяларга карата пикирин билдиргим келет. Мамлекетибиз түптөлгөндөн бери баардык президенттер өздөрүнүн саясатын жүргүзүп келишкен. [&he
“Айкөл Таза Коом”, “Апрель Элдик Революциясынын Баатырлары” коомдук бирикмесинин өкүлү Усупбий Шеримбаев уюм мүчөлөрүнүн атынан өлкөдөгү саясий кырдаалга токтолуп, Кыргызстандын азыркы президенти Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүнө баа берди.“Мен биздин “Апрель элдик революциясынын баатырлары”, “Айкөл таза коом” коомдук уюмунун мүчөлөрүнүн атынан өлкөбүздөгү акыркы окуяларга карата пикирин билдиргим келет. Мамлекетибиз түптөлгөндөн бери баардык президенттер өздөрүнүн саясатын жүргүзүп келишкен. Бирок өзүлөрү үчүн дагы, эл үчүн дагы туура деп келген иштеринен чоң деле көрсөткүчтөр болбогонун байкадык.Акаевди өзүнүн алсыз мүнөзү, аялы, балдары да кыйратып, каалаганын кыла беришти. Анын тушунда “Кумтөр” менен ошол жаман келишим түзүлгөн, менимче бул анын эң чоң катачылыгы, анын айынан эл жапа чектик, бирок азыр кен элдики. Андан кийин Бакиев келди, аны эч ким колдободу, бирок Куловдун коркоктугу ага президент болууга мүмкүнчүлүк берди. Натыйжада бүт бийлик тизгинин баласына, агасына берип, анын доору ошол кандуу 7-апрелде бүтүп, жүздөгөн жарандарыбыз курман болуп, көпчүлүгү жарадар болушкан.Атамбаев дээрлик 6 жыл башкарды, 7-апрелде СИЗОдо отурганда аны айдоочу менен кароолчу эмес, эл алып чыкканын унутпайбыз. Айдоочусу дагы, кароолчусу дагы байлыкты болушунча топтоп, сатып кеткенин да көрдүк. Баарыбыздын эсибизде, Раим миллион күн сайын “шопуру” аркылуу бажыдан түшкөн акчаны которуп турчу. Ал эми ошол эле адам андан кийин Жээнбеков менен анын ортосуна бут тосуучу тосмо болуп калат, ал Атамбаевдин убагында курулган коррупциялык системаны өзгөрткүсү келбей, аны менен күрөшүүгө бардык ресурстарын жумшагандыктан, акыры Жээнбековдун өзү үчүн коллапс болуп калды. Жалпысынан бардык президенттер өз жакындарынын курмандыгы болуп калышты, балким, алар өлкөнү баткактан көтөргүсү келгендир, бирок азгырыктар өтө көп болду. Уулдарын курмандыкка чалып, чындык издеп ар дайым көтөрүлгөн элге тандоо калтырган жок.Эми чындыкты айтсак, азыр Жапаров менен Ташиев 30 жылдан бери эч ким кылбаган иштерди жасашты. Ташиев баардык президенттердин тушунда жазасыз жашаган байлардын баарынын белин сындырды. Азыр чөнтөктөгү акча мыйзам алдында жардам бербейт, байлар кедейлерден коркуп калды, анткени дал ошолор алардын байлыгын ачыктап калышпадыбы.Акыры, биздин армия буттан турду жана азыр биз ар кандай агрессорго жооп бере турган деңгээлге чыктык. Көптөгөн стандарттуу эмес чечимдер кабыл алынууда, алар ар кандай саясатчылардын сынына кабылып, өлкөдө туруксуздукту жаратышы ыктымал. Айлык, пенсия, өлкөнүн бюджети чындап эле өсүп жатат. Чындыгында 500 миллиард сомго жетти жана бул кубандырган көрүнүш.Учурда дүйнөдө болуп жаткан окуялардын, катаклизмдердин, кыйроого учураган экономиканын, үзгүлтүксүз суунун жетишсиздигинин, Украина менен Палестинадагы согуштарга карабастан, биз прогресске жана өнүгүүгө бара жатабыз деп айта алабыз.Биз Отунбаевадан баштап бардык президенттерди колдодук, анткени алар өздөрүнө эмес, чындап элге кызмат кылат деп ишенүүгө аракет кылдык. Анын жыйынтыгын Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин, Жээнбековдун кылган иштеринен билебиз. Бүгүнкү күндө Садыр Жапаров эл үчүн иштеп, мамлекетибизди жаңыдан жаратып жатат. Бул нерсени жүрөгүндө элим деген жалыны бар адам катары кылып жатканын түшүндүк.“Адамдын жашоосундагы бардык жакшылык-жамандык – анын ишинин кесепети, анын кандай болорун ал гана чечет” деп бир акылман айткандай, кандай болгон күндө да президентти жана анын командасын колдойлу. Садыр Жапаровдун башынан чоң азаптар өттү, ошентсе дагы бийлик аны өзгөртүп салбайт деген үмүтүбүз, ишенимибиз бар. Мурда үй-бүлөсү үчүн мыкты ата болуп жүрсө, эми кыргыз эли үчүн ата болуп беришин каалайбыз” – деп жазган Шеримбаев.



