
VEFA Center соода борборуна байланыштуу соттук териштирүү 6 жылдан бери жүрүп жатат. Аталган соттук териштирүүдөгү документтерди юристтер жараксыз деп табышты. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Аруу Жылдыз» ЖЧКсынын өкүлдөрү жана «ILF A&A» юридикалык фирмасынын эл аралык юристи Нурлыбек Султан Нусипжанов (Алматы, Казакстан) билдиришти. 6 жылдан бери түркиялык «Озгун Иншаат Таахют ве […]
VEFA Center соода борборуна байланыштуу соттук териштирүү 6 жылдан бери жүрүп жатат. Аталган соттук териштирүүдөгү документтерди юристтер жараксыз деп табышты. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Аруу Жылдыз» ЖЧКсынын өкүлдөрү жана «ILF A&A» юридикалык фирмасынын эл аралык юристи Нурлыбек Султан Нусипжанов (Алматы, Казакстан) билдиришти.
6 жылдан бери түркиялык «Озгун Иншаат Таахют ве Тижарет» компаниясы VEFA Center соода борборундагы «Аруу Жылдыз» ЖЧКсына ээлик кылуу укугун талашып келет. Улутташтырылгандан кийин (2017-ж.) компания Түркия Республикасынын сотуна кайрылган, ал жерде негиздердин жоктугунан четке кагылган, кийин Кыргызстандын сотуна кайрылган.
Юристтер аныктагандай, түрк тараптын дооматы адегенде ишенимсиз документке негизделген — компания жарыялаган соттун чечими Түркиянын улуттук маалымат базасында жок.
«Кыргыз соттору 6 жыл бою ишти караган, бирок доогердин айткандарынын баары ишенимсиз деген эч кимдин оюна келген эмес. 6 жылдык соттук териштирүүлөр бош кагаздын негизинде жүрүп жатат”,-дейт Нурлыбек Султан Нусипжанов.
Түрк тарап соода борборун мурунку ээлеринин өткөрүп берүү келишими жараксыз деп эсептейт. Бирок адвокаттардын колдорунда Түркия Республикасынан келген ишеним каттын жарактуулугун тастыктаган документ бар.
«Биз соттук коллегияга дипломатиялык кызматтар тарабынан кысым болбойт деп ишенебиз», — деп кошумчалады башкаруучу өнөктөш, юрист Айгерим Берекешева. Ал ошондой эле 2023-жылдын июль айынан тарта Түркия Республикасынын соттору менен иш жүргүзүлүп, эл аралык сотторго даярдык көрүлүп жатканын айтты. Ошол эле учурда бул иш Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда биринчи жолу каралып жаткан жок.



