
16-октябрь 2023-ж., Каракол — Каракол туристтик шаары Бүткүл дүйнөлүк «Green Destinations» конференциясында «Топ-100 Дүйнөнүн туруктуу дестинациясынын ийгиликтүү окуялары — 2023» престиждүү тизмесине киргендигин КР Экономика жана соода министрлигинин алдындагы Туризм департаменти билдирет. Конференция 9 октябрда Эстониядагы Таллин шаарында өткөн. Бул маанилүү иш-чара Кыргыз Республикасынын жана анын багыттарынын туризмди туруктуу өнүктүрүүдөгү аракеттерин жана туруктуулуктун эл аралык [&he
16-октябрь 2023-ж., Каракол — Каракол туристтик шаары Бүткүл дүйнөлүк «Green Destinations» конференциясында «Топ-100 Дүйнөнүн туруктуу дестинациясынын ийгиликтүү окуялары — 2023» престиждүү тизмесине киргендигин КР Экономика жана соода министрлигинин алдындагы Туризм департаменти билдирет. Конференция 9 октябрда Эстониядагы Таллин шаарында өткөн.

Бул маанилүү иш-чара Кыргыз Республикасынын жана анын багыттарынын туризмди туруктуу өнүктүрүүдөгү аракеттерин жана туруктуулуктун эл аралык принциптерине берилгендигин баалайт.
Жыл сайын глобалдык «Green Destinations Top 100 Stories» конкурсу дүйнө жүзү боюнча эң мыкты тажрыйбаларды жана дем берүүчү окуяларды топтойт. Бул окуялар туризм тармагындагы башка адистерге да, саякатчыларга да үлгү болуп берет.
Быйыл Кыргызстан тарабынан сунушталган Караколдун туристтик гиддеринин баяны алардын татаал жана кызыктуу иши жөнүндө айтып берет жана ошондой эле өз өлкөсү тууралуу маалыматты жайылтууда жана туристтер үчүн жыл бою эсте каларлык таасирин түзүүдөгү маанилүү ролун баса белгилейт.
Мындай окуялар кыргыз тоо гиддердин, лыжа тебүүнү үйрөтүүчүлөрдүн жана маданий гиддердин үйрөнүүгө умтулуу, тейлөө сапатын жогорулатуу жөнүндө.
Бул окуянын Топ-100 Дүйнөнүн туруктуу дестинациясынын ийгиликтүү окуялары — 2023 тизмесине кирүүсү Караколдун туруктуулукка жана жоопкерчиликтүү туризмге умтулуусун дагы бир жолу ырастайт. Окуя алардын эмгегин гана эмес, биздин сезонго карабастан туристтик мүмкүнчүлүктөрдү түзүү милдетибизди да чагылдырат.
Бул аракеттер Кыргызстандын туристтик мурасын байытат жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө, аймактын экономикасын чыңдоого салым кошот.
«Каракол шаарынын дүйнөлүк туристтик багыттарынын престиждүү тизмесине кириши Кыргыз Республикасы жергиликтүү өнөр жай өкүлдөрдүн жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы менен туризмди туруктуу өнүктүрүү саясатын иштеп чыгып, алдыңкы тажрыйбаны ишке ашырып жатканын көрсөтөт.» -Деп КР Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова белгиледи. – «Туруктуу туризм — бул тармакты жоопкерчилик жана аң-сезим багытында өнүктүрүү, адамдардын жаратылышка жана маданий мурастарга аяр мамиле жасоосу, жергиликтүү ишкерликти жана өлкөнүн экономикасын колдоо концепциясы».
Эл аралык сынакка катышуу демилгеси Туризм департаментинин, Каракол шаарынын мэриясынын, «Дестинация Каракол» коомдук бирикмесинин жана Каракол шаарынын туризм тармагындагы бардык өнөктөштөрүнүн Швейцариянын WTK/Helvetas Kyrgyzstan «Кыргызстанда кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун колдоосу менен биргелешкен аракеттеринин натыйжасы болуп саналат.
Кошумча маалымат:
Green Destinations
Green Destinations – бул туруктуу туризм боюнча глобалдык Кеңеш тарабынан аккредитацияланган жана туруктуу туризмдин принциптерине ылайык иш алып барган туристтик дестинацияларды мониторингдөө, өнүктүрүү жана сертификациялоо тармагында иштеген эл аралык уюм.
Уюм туруктуу туризм боюнча эксперттерди, кеңешчилерди жана коммерциялык эмес уюмдарды бириктирген бир катар глобалдык программаларды башкарат. Бүгүнкү күндө 450дөн ашык багыттар жана 50 өлкөдөн 60 ишкана уюмдун программаларына катышууда. Уюм туризмди сапаттуу жана туруктуу кылууга умтулат.
Green Destinations Conference
Green Destinations 2023-жылдын 8-10-октябрында Эстониянын Таллин шаарында өттү. Иш-чара туруктуу өнүктүрүү боюнча адистерди бириктирди жана дүйнөнүн ар тарабынан келген катышуучулар туруктуу өнүгүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле туристтик багыттарды натыйжалуу башкаруу боюнча алдыңкы тажрыйбалар менен бөлүшүштү.



