
Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери,курорттук аймакта уурулук менен алектенип жүрүшкөн кылмыштуу тобунунмыйзамсыз иш аракеттерине бөгөт коюшту.Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө – ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Бостери айылында жана Чолпон-Ата шаарындажайгашкан эс алуу мекемелеринин аймагындагы пляждарында эсалуучулардын мүлкүн уурдаган жаштардын тобу кармалган.Бир катар уурулукка шектелгендер, мурда соттолгон Бишкек шаарынынтургундары, 20 жаштагы
Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери,курорттук аймакта уурулук менен алектенип жүрүшкөн кылмыштуу тобунунмыйзамсыз иш аракеттерине бөгөт коюшту.Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө – ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Бостери айылында жана Чолпон-Ата шаарындажайгашкан эс алуу мекемелеринин аймагындагы пляждарында эсалуучулардын мүлкүн уурдаган жаштардын тобу кармалган.Бир катар уурулукка шектелгендер, мурда соттолгон Бишкек шаарынынтургундары, 20 жаштагы К.Б., СИ., Д.И. жана Чүй облусунун 23 жаштагытургуну Т. А. Болуп чыгышты. Кармалган үч шектүүгө карата райондук соттарабынан үй камагына чыгаруу чарасы тандалып алынган, ал эми шектүүД.И. тергөө амалдарын жүргүзүү мезгилинде 2 айга камакка алынган.Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы шектүүлөргө карата эс алуучулардынмүлкүн уурдаган 8 факты боюнча айыптарын угузушту. Шектүүлөрнегизинен уюлдук телефондорду жана акча каражаттарын уурдашкан. 8 фактбоюнча жалпы материалдык зыян 310 496 сомду түздү.Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо)боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында, аталган тобунун мүчөлөрүтарабынан башка ушундай кылмыштарды жасоого катыштыгы бар, жежогун текшеришүүдө.






