
2023-жылдын 5-июль күнү саат 20:20 чамасында, Кызыл-Кыя ШИИБдин нөөмөтбөлүмүнүн 102 кызматык номуруна Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндөжайгашкан Таштемир-Ажы базарында белгисиз жарандын жансыз денесижаткандыгы боюнча кабар келип түшкөн.Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдиргендей, бул маалымат Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.Окуя болгон жерге Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам тергөө тобу менен барып, окуяболгон жерге […]
2023-жылдын 5-июль күнү саат 20:20 чамасында, Кызыл-Кыя ШИИБдин нөөмөтбөлүмүнүн 102 кызматык номуруна Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндөжайгашкан Таштемир-Ажы базарында белгисиз жарандын жансыз денесижаткандыгы боюнча кабар келип түшкөн.Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдиргендей, бул маалымат Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.Окуя болгон жерге Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам тергөө тобу менен барып, окуяболгон жерге кароо жүргүзгөн учурунда аталган жансыз дененин өздүгүтакталып, ал Ноокат районунун 42 жаштагы тургуну С.Р. экендигианыкталган. Ошондой эле окуя болгон жер Таштемир-Ажы базарынын күн чыгыштарабындагы Сухой-Сай тилкесинде, тагыраагы маркумдун жансыз денесининжаткан жери эч ким жашабаган кароосуз калган бөлмөнүн ичинде катталып,денесинде жарааты бар экендиги аныкталган.Аталган факты боюнча соттук-медицияналык экспертизалар дайындалып,Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адамөлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.Ошол эле күнү Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчамиликтөө иш-чаралары уюштурулуп, кылмышка шектүү катары мурда сот жообунатартылган Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын тургуну 49жаштагы Т.Т. Кызыл-Кыя шаарынан аныкталып кармалды.Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөөиштери уланууда.



