
Кыргыз элинин чыгаан жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүү жана 95 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат...
Кыргыз элинин чыгаан жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүү жана 95 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, эми уюштуруу комитети мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгып, бекитиши керек.
Комитеттин ишин уюштуруу, усулдук жана башка жактан камсыздоо аталган министрликке жүктөлдү. Ал эми курамы төмөнкүчө:
министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;
маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
уюштуруу комитетинин мүчөлөрү;
билим берүү жана илим министри;
тышкы иштер министри;
финансы министри;
санариптик өнүктүрүү министри;
маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары;
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору;
президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;
Бишкек шаарынын мэри;
Ош шаарынын мэри;
президенттин 7 облустагы өкүлдөрү;
Президенттик администрациянын саясатты иштеп чыгуу, реформаларды мониторингдөө жана талдоо бөлүмүнүн башчысы;
Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору;
«ЭлТР»мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;
Кыргызстан элинин ассамблея кеңешинин төрагасы.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1959-жылдан тартып КПССтин ардактуу мүчөсү болгон, 1974-жылы Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, 1978-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры ардактуу наамдары менен сыйланган. Ал 1928-жылы 12-декабрда туулуп, 2008-жылы 10-июнда дүйнөдөн өткөн.



