
Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн жаш IT лидерлерин бириктирген санарип форум өтөт.
Чүй-Бишкек башкармалыгынын адистери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Чүй облусунун Панфилов жана Сокулук райондорунун жайыт аймактарында зыянкеч чегирткелерге каршы изилдөө-мониторинг иштерин жүргүзүштү.
Жыйынтыгында жалпы 2610 гектар жер текшерилип, анын 1250 гектарында чегирткелер аныкталды. Тиешелүү актылар түзүлүп, жакынкы күндөрү химиялык иштетүү иштери башталат.
Учурда адистер тарабынан зыянкечтерге каршы күрөшүү жана мониторинг иштери ыкчам улантылууда.