Депутат Акылбек Түмөнбаев депутаттарга мандатын тапшырып кетүүнү сунуштады Бүгүн парламентке министрлер кабинети толук курамы менен келип, 5 министр доклад жасаган. Түмөнбаев транспорт министри менен айыл чарба министри да маалымат бериши керектигин айтты эле, кесиптештери колдобой койду. “Элдин көйгөйүн уккуңар келбесе анда депутаттар мандатыбызды тапшырып кетели. Мен 7-чакырылыштын тарап кетишин сунуш кылам. Элге уят болбой”, — деди эл өкүлү. Ошондой эл ал төраганы өкмөткө жардамчы болуп, депутаттарды тыя бербөөгө чакырды.

Булак: Sputnik_Kyrgyzstan_KG

От admin