Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында адамдар көп топтолгон жерлерде укук тартибин бузуу жана кылмыш жасоо тобокелдиктерин алдын алууга жана болтурбоого багытталган чаралардын комплексин көрүп жаткандыгын маалымдайт.

ИИМ Басма сөз кызматы билдиргендей, коомдук коопсуздукка болгон коркунучтарды эске алуу менен Кыргызстанда «Өлбөс полк» жүрүшүн өткөрбөө чечимин кабыл алды.

Ички иштер министрлиги жарандарды коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

От admin