Кыргызстандын Ички иштер министрлии суу ташкынынан жабыркаган казакстандык кесиптештерине 50 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу КР ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Гумжардамдын ичинде:
 биринчи керектелүүчү буюмда:
 дары-дармектер
 желим өтүктөр
 дизелдик жана электр генераторлор
 үйлөмө кайыктар
 чатырлар
 матрацтар
 тамак-аш
 жууркандар, жаздыктар жана шейшептер бар.
«Казакстан Республикасы менен кызматташтыгыбыз узак тарыхка ээ жана мындай учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүү маанилүү. Бул көрсөтүлгөн гуманитардык жардам табигый кырсыктан жабыркагандарга жеңилдик алып келип, жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз», – деп министрликтен белгилешти.

От admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *