Ушул жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси Актилек Мусаева ШКУнун катчылыгынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына туш келген Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чара ШКУнун катчылыгында «Нооруз: жаз жана достук фестивалы» деген ураан астында өтүп, анда ШКУнун баш катчысы Чжан Мин жана Кытай өкмөтүнүн Евразия иштери боюнча Атайын өкүлү куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

​Иш-чарага ШКУга мүчө-мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү, байкоочулар жана диалог боюнча өнөктөштөр, кытай тараптан келген сыйлуу коноктор жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада конокторго Кыргызстандын, ошондой эле ШКУ өлкөлөрүнүн башка элдеринин улуттук ашканасы жана декоративдик-прикладдык искусствосунун буюмдары (сувенирлер, кийиз буюмдары ж.б.) тартууланды.

От admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *