Жалал-Абад облусунда жергиликтүү тургундар массалык түрдө ууланып, 12 адам облустук ооруканага кайрылышкан. Анын ичинен 10 адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлүп, экөө ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ооруканасынан кабарлады.

Дарыгерлердин айтымында, облустун ар кайсы райондорунан келген тургундар Сузак районунун Саты айылындагы эс алуу жайына ооз ачууга чогулушкан.

«Биз тамак-ашка, анын ичинде куурулган балыкка буйрутма бергенбиз» дешет алар.

Алардын 10у экспертизадан кийин кое берилген. Экөө ооруканада калып, бирок эки күндөн кийин үйлөрүнө чыгарылды», — деп билдиришти аймактык ооруканадан.

Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору 26-марттан тарта мекеменин иши убактылуу токтотулуп, ээсине 23 миң сом айып салынганын билдирди.

От admin