Атчандар взводу Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоодо. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин атчандар взводу 1990-жылы 10-июль күнү Ички иштер министрлигинин буйругу менен түптөлүп, буйруктун негизинде бир взводдун командири, бир улук инспектор жана 19 (он тогуз) кызматкер бекитилген.

Азыркы учурда ИИМдин ЖКККББнын Бишкек ШИИББ боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын (МККБ) карамагындагы 19 кызматтык аттар бар. Атчандар взводу Бишкек шаарынын аймагында коомдук жайларда, сейил бакчаларында, көлмөлөрдө, автоунаалар каттабаган адамдар чогулуучу аймактарда коомдук коопсуздукту камсыздап, жарандарга ар тараптан жардам берип, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүп келишүүдө.

Бул кызматтык аттар Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу №1 Мамлекеттик резиденциясынын аймагында жогорку деңгээлдеги конокторду тосууда, ошондой эле мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында колдонулуп келет. Ошондой эле «Ак-Кула» ат майданында ар кандай иш-чараларда колдонулуп келүүдө.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлигинин атчандар взводунун өздүк курамынынын кызматтык милдеттерин аткарууну жогорулатуу, кызматтык тилкелерге кызматка чыгуу жана убагында кызматтык аттар менен чогуу машыгууларды өткөзүп туруу үчүн 19 атты шарттары менен багуу жана кармоо көргөзүлгөн. Бирок, азыркы учурда ИИМдин аттарды кароого атайын сарай жок болгондугуна байланыштуу 2021-жылдын март айында Бишкек шаарында жайгашкан “Ак-кула» ат майданынын жетекчилиги менен келишим түзүлүп, №7 сарайына ИИМдин ЖКККББнын жетекчилиги тарабынан көчүрүлүп келинген.
Кызматтык аттары жайгашкан сарайды кайтарууда МККБнын полкунун 5-ротасынын атчандар взводунун 6 кызматкери күнү-түнү (1-суткада 2 кызматкер) кезектешип кызмат өтөшөт.

Аттардын Аты-жөнү жана кызмат өтөгөн жылы көрсөтүлгөн атайын документтери бар. Аталган документте жылкынын толук дарылануусу, ветеринардык текшерүү даталары жазылган.

От admin

Добавить комментарий