экрана 2023 08 15 170047
8 / 100

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 15-августта иш сапары менен Кыргызстанга келди. Аны «Ысык-Көл» эл аралык аба майданынан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы ал 16-августта Чолпон-Ата шаарында кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынына катышарын билдирди.

Анда кандай маселелер каралары тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Абдулла Арипов Кыргызстанга соңку ирет 2022-жылы декабрда келген.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Акылбек Жапаров мартта иш сапар менен Өзбекстанга барган. Андагы жолугушууларда эки өлкөнүн президенттери кол койгон келишимдерди аткаруу маселеси талкууланган.

Loading

От admin