WhatsApp Image 2024 09 24 at 15.20.43
6 / 100

Уюшкан кылмыштуу топтун трансулуттук мүчөлөрүнүн
ишмердигин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-
чараларынын жүрүшүндө КР УКМКнын жана Бишкек ШИИБдин кылмыш
иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан чет
өлкөнүн жарандары: 04.01.2001-ж.т.К.Б.У. жана 23.09.2000-ж.т. К.Ю.С. (оор
жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык
издөөдө жүргөн) кармалды.
Мындан тышкары, КР УКМК органдары тарабынан жогоруда
аталган адамдардын КР аймагында кылмыштуу кирешелерди легализациялоо
жана адалдоо боюнча эл аралык каналга тиешеси бар экендиги, Кыймылсыз
мүлк объектилери боюнча жасалма бүтүмдөр боюнча КР салык төлөмдөрүн
айланып өтүшкөндүгү аныкталды.
Такталгандай, жогоруда аталган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз
Республикасынын аймагында катталган, бирок иш жүзүндө жок курулуш
компаниясынын директорлору болуп, Кыргыз Республикасынын жана
өлкөнүн чегинен тышкары жүргөн чет мамлекеттердин жарандарын
аныкташып жана алардын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, Кыргыз
Республикасынын коммерциялык банктарынын биринде көрсөтүлгөн акча
каражаттарын накталай акчага берүүнү ишке ашырган жана накталай акча
каражаттарын алгандан соң чет өлкөгө кайтарууну камсыз кылып турушкан.

Loading

От admin