8 / 100

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда Нью-Йоркто (АКШ) өтүп жаткан Келечек саммитинин талаасында Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын негизги маселелери саясий диалогду жана экономикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө контекстинде талкууланды.

Ал Кыргызстан Европа биримдигинин өлкөнүн прогрессивдүү жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого кошкон салымын жогору баалай турганын баса белгиледи.

Шарль Мишель Кыргызстан менен өзгөчө туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүүсүнүн күн тартибинин алкагында тыгыз кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

Тараптар регионалдык жана глобалдык чакырыктарды чечүү үчүн мындан аркы диалогдун маанилүүлүгүн ырасташты.

Loading

От admin