6 / 100

Президент Садыр Жапаров «Кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Кыргызстанда элдик бийликтин негиздерин, улуттук аң-сезимди, элдин биримдигин жана ынтымагын мындан ары бекемдөө, жарандык коомду консолидациялоо, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максатында, “Элдик курултай жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 3, 11-беренелерине, КР Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. Бишкек шаарында кезектеги III Элдик курултайды (мындан ары – Элдик курултай) өткөрүү 2024-жылдын 20-декабрына дайындалсын.
2. Элдик курултайдын 700 (жети жүз) делегатынын квоталарга бөлүнүшү тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Министрлер кабинети президенттин Иш башкармасы менен биргеликте ушул жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Элдик курултайдын делегаттарын шайлоону өткөрүүнү уюштуруу кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетине, Элдик курултайдын катчылыгына, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Тышкы иштер министрлигине, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, ошондой эле Кыргызстан элинин ассамблеясына (макулдашуу боюнча) тапшырылсын.
5. Ички иштер министрлиги жер-жерлерде делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча чараларды көрсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
– КР президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” жарлыгы;
–КР президентинин 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 324 “КР президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыгы.

Loading

От admin