87c1c07e f131 407f a469
8 / 100

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу мекендештер!

Сиздерди бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Мамлекеттик тил – эгемен мамлекеттин эң башкы белгилеринин бири.

Биздин тарых-таржымалыбыз менен көөнө маданиятыбыз эне тилден башат алат. Улут уңгусуна, анын нарк-насилине жан салып сактап келген, сактай турган дагы дал ушул эне тилибиз!

Көп тилдерден айырмаланып, кыргыз тили көөнө тил корун түзгөн тилдердин катарына кирет. Ошондой эле биздин эне тилибиз – жалпы түркий тектеш тилдердин өзөгү болуп келген улуу тил. Анын башкалардан өзгөчөлүгү мына ушунда.

Дегеле, ким болбосун тилди таза сактап, дилди аруу тутууга тийиш. Тил менен дил өз ара жуурулушканда гана ата-бабаларыбыздан кылымдардын кыйрынан бери муундан-муунга таберик болуп келаткан нарк-насил менен салт-санаа, акыл-парасат менен адеп-ахлактык келечекке өз кызматын үзгүлтүксүз өтөй алат. Ал эми өз эне тилине дилин бербеген, дитин койбогон, анын келечегине кам көрбөгөн элдин арымы кыска, келечеги бүдөмүк болот.

Мына ошондуктан мамлекеттик тил саясаты мамлекеттик саясаттын эң маанилүү ажырагыс бөлүгү. Ага жараша азыркы ааламдашуу доорунда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жигердүү аракет жасоого тийишпиз, ансыз болбойт. Жашоо-турмушубуздун бардык тармагын кучагына алган санарип технологиясы менен мамлекеттик тилдин колдонуу айдыӊын кеңейтүү аркылуу биз билим берүү сапатын жакшыртабыз, этностор аралык биримдикти чыңдайбыз жана ошондой эле улуттук баалуулуктарыбызды бекемдей алабыз.

Урматтуу мекендештер!

Кезинде кыргыз тили адабияттын, маданияттын тили боло алабы деген сындуу собол турган. Ага мезгил өзү жооп берди. Кыргыз тили мамлекеттик деӊгээлдеги иш кагаздарынын тилине, анын ичинде мыйзам тилине, илим менен билимдин тилине айланды.

Кыргызстандыктарды бир туунун астына бириктирип, коомдогу туруктуулукту камсыз кылып келаткан эне тилибизди аздектеп сактоо жана аны жалпы улуттук орток тил катары өнүктүрүү – биздин башкы парзыбыз.

Улуттук биримдикти жана социалдык туруктуулукту сактап, келкели келип турган келечек муунга эне тилибизди татыктуу өткөрүп берели!

Дагы бир жолу баарыңыздарды Мамлекеттик тил майрымыӊыздар менен куттуктайм!”.

Loading

От admin