12 / 100

Кыргызстандын туристтик жайлары менен таанышууга түркиялык блогерлер келди. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Өлкөгө келген конокторду «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов, Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков тосуп алды.

«Бүгүн боордош, бир тууган түркия элинин атактуу, миллиондогон катталуучулары бар блогерлери Кыргызстанга келип отурат. Конокторубуз 24-27-сентябрь күндөрү өлкөбүздүн бардык туристтик жайларын көрүп, элибиздин меймандостугу менен таанышат. Мындай достук иш-чара президент Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдогандын жылуу, бир туугандык мамилелеринин жемиши болуп отурат. Анткени бул атактуу блогерлер түрк элине керемет жаратылышыбызды, маданиятыбызды, меймандостугубузду көргөзүү менен туризмдин өнүгүшүнө чоң салым кошуп, Кыргызстанды дүйнөгө ачып беришмекчи», — деп билдирди Манасбек Самидинов.

Ошондой эле ал бул сапар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы туристтик байланыштарды чыңдоодо, өлкөнү эл аралык аренага таанытууда маанилүү кадам болуп саналарын белгиледи.

Loading

От admin