экрана 2023 07 21 165645
11 / 100

Түркмөнстандын мектептеринде окуучу кыздарды форма тигүү үчүн кездеме сатып алууга мажбурлоо тажрыйбасы уланууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ушул күндөрү мугалимдер окуучу кыздарга телефон чалып, формага керектүү кездемени мектептен сатып алууну талап кылып жатышат.

«Класс жетекчилер ар бир окуучуга телефон чалып, аларды жаңы окуу жылына жашыл түстөгү кездеме сатып алууга милдеттендирүүдө. Алар 300 манатка 2 метр 20 сантиметрден кеземе сунуштап жатышат. Дүң базарларда ушул эле кездемени 200 манаттан алууга болот», – деди «Азаттыктын» түркмөн кызматынын Ахал облусундагы кабарчысы.

Мугалимдердин айтымында, мектептер бул кездемелерди дүң баада алгандыктан, сатуудан түшкөн пайда кыйла көп болот.

«Ортодогу айырманы билим берүү тармагындагы аткаминерлер өз ара бөлүшүп алышат. Аларды билим берүүнүн сапатын жогорулатуу же мектептердеги шарттарды жакшыртуу маселеси кызыктырбайт. Ата-энелерден акча чогултуп алса эле болду», – деди облустагы мектептердин биринин аты-жөнүн айткысы келбеген мугалими.

Бул боюнча Ахал облусунун билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Түркмөнстандын орто жана жогорку окуу жайларында окугандар униформа кийүүгө милдеттүү. Окуучу кыздардын мектеп формасы жашыл көйнөктөн, ак фартуктан жана салтуу такыядан турат.

Өлкө мектептеринде окуучу кыздарга форма үчүн кездеме сатуу тажрыйбасы бир нече жылдан бери уланып келет. Айрым ата-энелер кызы үчүн мектеп формасын карызга сатып берүүгө аргасыз болгон учурлар да кездешет. Бийлик өлкөдө мындай көйгөй бар экенин расмий мойнуна албайт.

Loading

От admin