whatsapp image 2024 09
8 / 100

 Кыргызстанда эл аралык деңгээлде эки соода-логистикалык борборун түзүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, соода-логистикалык борборлор эл аралык ЕАЭБ жана Европа биримгинин өлкөлөрүнө, ошондой эле жакынкы чет өлкөлөргө агроазык-түлүк продукциясын экспортоого багытталат.

Түндүктө Кыргызстан менен Казакстан кызматташтыгынын алкагында 200 жумуш орду менен 40 га аянтта, айыл чарба продукциясын сактоо көлөмү 3000 тоннаны түзгөн эл аралык соода-логистикалык борбор түзүү, ал эми аймактык деңгээлде 20 соода-логистикалык борборду түзүү пландаштырылууда.

Жыйынтыктап айтканда, 2024-2028-жылдарга Кыргызстандагы соода -логистикалык борборун түзүү төмөнкүлөргө алып келет:

– бирдиктүү таңгак менен стандартташтырылган продукциянын ири көлөмдөгү чоң партияларын сатып алуучулар үчүн чакан жеке жеткирүүлөрдү бириктирет;

–айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү соода-логистикалык борборлор
менен түзүлгөн келишимдик милдеттенмелерге ылайык өз продукциясын сатууга кепилденген мүмкүнчүлүк алышат;

– айыл чарба продукциясын экспорттоо өсөт, агроөнөр жай продукциясынын комплексинин натыйжалуулугу өсөт жана республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шарт түзүлөт.

Loading

От admin