137 1
8 / 100

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Жекенди айылынын 60 жаштагы тургуну кутурма оорусуна чалдыгып, көз жумду. Бул тууралуу Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемиология бөлүмү маалымдады.

Маалыматка караганда, бейтап 20-июлдан 21-июлга караган түнү саат 02:40та каза болгон.

«Каза болгон адамдын колун жайлоодо ит тиштеп алган. Ал мединица кызматкерлерине кайрылган эмес. Ошол боюнча дарыгерлерге кайрылбай койгон. 18-июль күнү дене табы көтөрүлүп, өзүн жаман сезип, башы ооруп ооруканага кайрылат. Кайрылган күнү эле кутурманын белгилери байкалат. Алдын ала диагноз коюшат. Кутурманын так дарылоо жолдору жокко эсе. Дарыгерлер колунан келгенин кылышты», — деп айтылат маалыматта. 

Loading

От admin