WhatsApp Image 2023 07 21 at 16.04.54 1
10 / 100

2023-жылдын 20-июлунда ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Ленин райондук Күзөт бөлүмүнүн кайтаруусунда турган, Бишкек шаарынын мейманканаларынын бирине саат 04:18де дүрбөлөң баскычы басылып, айтылган дарек боюнча ыкчам жеткен күзөт бөлүмүнүн кармоо тобу 3 шектүү жаранды кармашкан.
ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, жогорудагы мейманканага караштуу дүкөндүн эшигин темир лом менен бузуп кирүүгө аракеттенген учурда мейманкананын күзөттө турган кызматкер болгон окуяны видео байкоо аркылуу көрүп дүрбөлөң баскычын баскандан кийин кармоо тобу тез аранын ичинде келип, 1998-жылы туулган А.Т.Б., жана 2006-ж.т. А.Н.Д. шектүү жарандарды кармашкан.
Кармалган шектүүлөр Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

WhatsApp Image 2023 07 21 at 16.04.54

Loading

От admin