whatsapp image 2024 09
9 / 100

Бүгүнкү күндө өткөн жылдарга салыштырмалуу иш кагаздардын 70-80%ы мамлекеттик тилде жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, былтыр Конституциялык мыйзам кабыл алынгандан баштап иш кагаздарды жүргүзүү боюнча бир топ иштер алдыга жылды.

“Азыр электрондук иш кагаздарды жүгүртүү боюнча атайын программа бар. Ошол программанын негизинде мониторинг жүргүзүлөт. Өткөн жылдарга салыштырмалуу азыр иш кагаздарынын 70-80%ы мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жатат. Кээ бир мекемелерде бул көрсөткүч 95-99%га чейин жетет. Ал эми өзүнүн тармактык өзгөчөлүгүнө байланыштуу дароо мамлекеттик тилге өтүүгө мүмкүнчүлүк болбогон үчүн айрым каттар расмий тилде жүргүзүлүүдө. Бирок, анын пайыздык көрсөткүчү өтө төмөн. Бара-бара алдыда мунун баары жөнгө салынып, иш кагаздар толугу менен мамлекеттик тилде жүргүзүлмөкчү”, — деп белгиледи ал.

Ошондой эле Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы комиссиянын алдында атайын окуу-маалыматтык борбору иштеп жатканын, анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге багытталган окуу курстары өтүлөрүн кошумчалады.

“Курстарда тил үйрөнүү боюнча эл аралык стандарттарга ылайык келген А1ден баштап С1, С2ге чейинки окутуу программалары өтүлөт. Андан сырткары, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча атайын окуу курстарына кызматкерлер келип, өздөрүнүн билимин арттырып турушат”, — деди Мураталиев.

Loading

От admin