WhatsApp Image 2024 09 23 at 11.57.17 1
9 / 100

Ысык-Ата райондук ИИБнын мурдагы башчысы А.А.К. жана Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагынын жайыт комитетинин мурдагы төрагасы Р.Т.Р. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
2023-жылы Р.Т.Р. жайыт комитетинин отурумунун протоколун жасалмалап, А.А.К.га Жээк айыл өкмөтүндөгү эс алуу аймагы үчүн 2 га айыл чарба багытындагы жер участогун мыйзамсыз бергени аныкталган. Көрсөтүлгөн жерге туруктуу имараттар курулуп, “A.R.Z.” эс алуу борбору уюштурулган.
КР УКМК мыйзамсыз берилген мүлктөрдү мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Loading

От admin